4-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерин мамлекеттик каттоо
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Чакан ишкерликтин субъекти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген үлгүдөгү арызын берген учурдан тартып каттоодон өтөт жана тиешелүү статус алат. Каттоочу орган чакан ишкерликтин субъекттерин каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген шарттарга кошумча шарттарды белгилөөгө укугу жок. Чакан ишкерликтин субъекттерин мамлекеттик каттоодон качууга же мамлекеттик каттоодон негизсиз баш тартууга белгиленген тартипте сотко даттануусу мүмкүн, эгерде чечим анын пайдасына чечилсе, доогерге алгачкы төлөнгөн мамлекеттик алым төлөп берилет. Көрсөтүлгөн алым жоопкерден өндүрүлөт. Каттоочу органдын мыйзамсыз аракеттери сот тарабынан таанылганда соттун чечиминин негизинде аны каттагандан кийин чакан ишкерликтин субъектинин эсебине которулуучу чыгымдарды каттоочу орган төлөп берет.
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-4" title="4-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>