# 3-статья. Чакан ишкерликтин субъекттери

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2017 [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587); 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106#diff=802662..802663>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 3-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-3

---

Чакан ишкерликтин субъекттери катары юридикалык жакты түзбөстөн, ишкерлик менен алектенген жеке адамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен каралган кошумча наркка салык боюнча жылына каттоо чегинен ашпаган дүң акчанын көлөмүндөгү экономикалык ишти жүзөгө ашырышкан жана алардагы жумушчулардын орточо саны отчеттук мезгил ичинде төмөндөгү жогорку деңгээлден ашпаган (кичи ишканалар) коммерциялык уюмдар менен ишканаларды түшүнүү керек: өнөр жайында - 35 адам; курулушта - 75 адам; транспортто - 35 адам; айыл чарбасында - 50 адам; илимий-техникалык чөйрөдө - 25 адам; дүң соодада - 30 адам; чекене соодада жана калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөдө - 25 адам; калган тармактарда жана иштин башка түрлөрүн ишке ашырууда - 25 адам. Төмөндөгүдөй иштерди жүзөгө ашырышкан жекече ишкерлер менен юридикалык жактар чакан ишкерликтин субъекттери катары тааныла алышпайт: иши баңги заттарынын каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү менен байланышкан; акцизделүүгө тийиш болгон продукцияны өндүрүү жана(же) дүңүнөн сатып өткөрүү; (4-абзац КР 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) оюн-зоок жана шоу-бизнес чөйрөсүндөгү иштер; сертификация, метрология жана сапатты башкаруу жагындагы иштер; нефти, мунайзат, газ, электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча иштер; радиоактивдүү материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштер; банк иши (же болбосо банк операцияларынын айрым түрлөрү) жана камсыздандыруу рыногундагы иш (камсыздандыруу агентинин ишинен башка); аудитордук иш; баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик иш. Чакан ишкерликтин субъекттеринин уставдык капиталындагы мамлекеттин, коомдук жана диний уюмдардын (бирикмелердин), кайрымдуулук жана башка фонддордун үлүшү 10 пайыздан ашпоого тийиш. Бир же бир нече чакан ишкерликтин субъектиси болуп саналбаган юридикалык жактарга таандык болгон чакан ишкерликтин субъектисинин уставдык капиталынын үлүшү 20 пайыздан ашпоосу керек. Иштин бир нече түрү менен (көп тармактуу) алектенген чакан ишканалар үлүшү жылдык жүгүртүүнүн көлөмүндө же жылдык кирешенин көлөмүндө эң көп болуп саналган иштин түрү боюнча аныкталуучулардын катарына кирет. Чакан ишкананын жумушчуларынын отчеттук мезгил ичиндеги орточо саны анын бардык жумушчуларын, анын ичинде жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча жана чыныгы иштеген убактысын эске алуу менен башка жерде иштегендигин, ошондой эле аталган юридикалык жактын, өкүлчүлүктөрдүн, филиалдардын жана дагы башка өзгөчөлөнгөн бөлүмчөлөрүнүн жумушчуларын эсепке алуу менен аныкталат. Эгерде чакан ишкана иштегендердин санын ушул статьяда белгиленгенден ашырып жиберсе, аталган ишкана көрсөтүлгөн ашып кетүүгө жол берилген мезгилге жана андан кийинки алты айга колдонуудагы мыйзамдарда каралган жеңилдиктерден ажыратылат. (КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-4)
