# 2-статья. Чакан ишкерликти колдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды ажыратуу

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106#diff=802659..802660>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 2-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-2

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын башкаруусуна Кыргыз Республикасындагы чакан ишкерликти мамлекеттик колдоонун жалпы принциптерин, артыкчылыктуу багыттарын жана методдорун аныктоо, чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жагындагы мамлекеттик органдарды түзүү жана алардын иштөө тартибин белгилөө, республикалык бюджеттин каражаттарынын жана мамлекеттик органдардын адистештирилген бюджеттен тышкары фонддорунун эсебинен каржылануучу чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чакан ишкерликтин субъекттери үчүн республикалык бюджетке жана мамлекеттик органдардын адистештирилген бюджеттен тышкары фонддоруна төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди белгилөө тиешелүү болот. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарына ылайык чакан ишкерликти колдоо жагындагы бардык маселелерди чечишет, анын ичинде өз каражаттарынын жана ресурстарынын эсебинен чакан ишкерликти колдоо боюнча кошумча чараларды көрө алышат. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-3)
