2-статья. Чакан ишкерликти колдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды ажыратуу
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 октября 2008 года № 231
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын башкаруусуна Кыргыз Республикасындагы чакан ишкерликти мамлекеттик колдоонун жалпы принциптерин, артыкчылыктуу багыттарын жана методдорун аныктоо, чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жагындагы мамлекеттик органдарды түзүү жана алардын иштөө тартибин белгилөө, республикалык бюджеттин каражаттарынын жана мамлекеттик органдардын адистештирилген бюджеттен тышкары фонддорунун эсебинен каржылануучу чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чакан ишкерликтин субъекттери үчүн республикалык бюджетке жана мамлекеттик органдардын адистештирилген бюджеттен тышкары фонддоруна төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди белгилөө тиешелүү болот. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарына ылайык чакан ишкерликти колдоо жагындагы бардык маселелерди чечишет, анын ичинде өз каражаттарынын жана ресурстарынын эсебинен чакан ишкерликти колдоо боюнча кошумча чараларды көрө алышат. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-2" title="2-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>