# 19-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтери (ассоциациялары)

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 19-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-19

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликти өнүктүрүүнүн алда канча ыңгайлуу шарттарын, ак ниеттүү атаандаштыкты, чакан ишкерликтин субъекттеринин жоопкерчилигин жана компетенциясын жогорулатууну, алардын кызыкчылыктарын бийликтин мамлекеттик органдарында жамааттык коргоону камсыз кылуу максатында коомдук бирикмелер катары белгиленген тартипте түзүлүүчү чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтерин (ассоциацияларын) уюштурууга жана алардын иштешин камсыз кылууга колдоо көрсөтүшөт. Чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын) ишин мамлекеттик колдоо аталган бирликтердин (ассоциациялардын) жана алар тарабынан түзүлгөн ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерине көмөктөшүү аларды имарат жайлар жана байланыш каражаттары менен жеңилдетилген шарттарда камсыз кылуу жолу менен, ошондой эле уюштуруу жана эл катышкан иш-чараларды өткөрүү, чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын) өкүлдөрүн мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программаларын даярдоого тартуу, чакан ишкерликтин идеяларын кеңири жайылтуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн берүү менен жүзөгө ашырылат. Чакан ишкерликке мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасын өркүндөтүү, мамлекеттик бийлик органдарынын, чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдындагы ишкерлердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүнүн ичинен чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын) ишин координациялоо максатында чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештер түзүлүшү мүмкүн, алардын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктары мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-20)
