19-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтери (ассоциациялары)
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликти өнүктүрүүнүн алда канча ыңгайлуу шарттарын, ак ниеттүү атаандаштыкты, чакан ишкерликтин субъекттеринин жоопкерчилигин жана компетенциясын жогорулатууну, алардын кызыкчылыктарын бийликтин мамлекеттик органдарында жамааттык коргоону камсыз кылуу максатында коомдук бирикмелер катары белгиленген тартипте түзүлүүчү чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтерин (ассоциацияларын) уюштурууга жана алардын иштешин камсыз кылууга колдоо көрсөтүшөт. Чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын) ишин мамлекеттик колдоо аталган бирликтердин (ассоциациялардын) жана алар тарабынан түзүлгөн ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерине көмөктөшүү аларды имарат жайлар жана байланыш каражаттары менен жеңилдетилген шарттарда камсыз кылуу жолу менен, ошондой эле уюштуруу жана эл катышкан иш-чараларды өткөрүү, чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын) өкүлдөрүн мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программаларын даярдоого тартуу, чакан ишкерликтин идеяларын кеңири жайылтуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн берүү менен жүзөгө ашырылат. Чакан ишкерликке мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасын өркүндөтүү, мамлекеттик бийлик органдарынын, чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдындагы ишкерлердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүнүн ичинен чакан ишкерликтин субъекттеринин бирликтеринин (ассоциацияларынын) ишин координациялоо максатында чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештер түзүлүшү мүмкүн, алардын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктары мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-19" title="19-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>