# 17-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык жактан колдоо

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 октября 2009 года № 284 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202728)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106#diff=802660..802661>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 17-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-17

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликтин субъекттерин заманбап жабдуулар жана технологиялар менен камсыз кылууга, чакан ишкерликтин субъекттерин колдоо максатында түзүлүүчү сервистик тейлөө түйүндөрүн, өндүрүштүк-технологиялык борборлорду жана инфраструктуранын дагы башка объекттерин түзүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликтин субъекттери үчүн адистештирилген жабдууларды жана продукциянын башка түрлөрүн өндүрүү жана жөнөтүүгө тапшырыктарды жайгаштыруу боюнча чакан ишкерликтин субъекттеринин продукцияларынын адистештирилген дүң базарларын, жарманкелерин, анын ичинде имараттарды, курулуштарды, жабдууларды жана өндүрүштүк кызматтык жайларды, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктү берүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат. Чакан ишкерликтин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык жактан колдоо жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мында чакан ишкерликтин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык жактан колдоону жүзөгө ашыруучу ишкана, мекеме жана уюмдар колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат. (КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-18)
