# 16-статья. Маалымат чөйрөсүндө чакан ишкерликтин субъекттерин колдоо

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 16-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-16

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликтин субъекттери алардын натыйжалуу өнүгүшүнө керек болгон экономикалык, укуктук жана башка маалыматтарды алуу максатында жана алардын ортосунда аталган маалымат менен алмашуу максатында тиешелүү маалыматтык инфраструктураны түзүү боюнча чараларды иштеп чыгышат жана ишке ашырышат. Чакан ишкерликтин субъекттерин маалыматтык тейлөө колдонуудагы мыйзамдарда каралган жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат. Мында чакан ишкерликтин субъекттерине маалыматтык кызмат көрсөтүүчү ишканалар, мекемелер жана уюмдар колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат. Чакан ишкерликти колдоо фонддору чакан ишкерликтин субъекттеринин аларды маалыматтык тейлөө менен байланышкан чыгымдарын толугу менен же айрым бөлүгүн компенсациялоого укуктуу. Компенсациялоонун көлөмү, тартиби жана шарттары чакан ишкерликтин субъекти менен чакан ишкерликти колдоонун тийиштүү фондунун ортосундагы келишим менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-17)
