# 14-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин мамлекеттин муктаждыктары үчүн продукцияларды жана товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө катышуусу

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 14-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-14

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттин муктаждыктары үчүн продукциялардын жана товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) айрым түрлөрүн өндүрүүгө жана жөнөтүүгө чакан ишкерликтин субъекттери үчүн тапшырыктардын белгилүү үлүштөрүн резервдөөнү, стимулдаштыруучу гранттарды берүүнү алдынала караштырат. Мамлекеттик тапшырык берүүчүлөр тапшырыктарды түзгөндө жана жайгаштырганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин муктаждыктары үчүн түрлөрү боюнча артыкчылык берилген продукцияларды жана товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга жана жөнөтүүгө мамлекеттик контракттарды түзгөн учурда чакан ишкерликтин субъекттеринин ортосунда өндүрүлө турган продукциянын аталган жөнөтүүсүнө конкурстардын негизинде анын бул түрүнө болгон мамлекеттин муктаждыгы үчүн жалпы көлөмдүн кеминде 20 пайызын чакан ишкерликтин субъекттерине жайгаштырууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-15)
