# 12-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин өз ара кредит берүү коомдору

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 12-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-12

---

Чакан ишкерликтин субъекттеринин өз ара кредит берүү коомдору аталган коомдун катышуучуларынын убактылуу бош турган каражаттарын аларга финансылык жардам көрсөтүү максатында чогултуу үчүн түзүлөт. Чакан ишкерликтин субъекттеринин өз ара кредит берүү коомдору: өзүнүн резервдерин башкарууну банкка - депозитарийге же башка кредиттик уюмдарга тапшыра алышат; аталган коомдордун катышуучуларынын аманаттарынын (акыларынын) көлөмүн, мезгилдүүлүгүн жана салуу тартибин, ошондой эле аларга финансылык жардам көрсөтүүнүн жеткен чектерин, мөөнөттөрүн жана шарттарын аныктай алышат; аталган коомдордун катышуучулары болбогон жеке жана юридикалык жактарга акча каражаттарын берүүгө укугу жок.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-13)
