# 11-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 11-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-11

---

Чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген шарттарда кредит берүү тиешелүү айырманы кредиттик уюмдардын чакан ишкерликти колдоо фонддорунун каражаттарынын эсебинен компенсациялоо менен жүзөгө ашырылат. Мында чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген шарттарда кредит берүүнү жүзөгө ашырган кредиттик уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат. Чакан ишкерликти колдоо фонддору кредиттик уюмдардын чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген шарттарда кредит берген учурда алардын алынбай калган кирешелерин толугу менен же айрым бөлүгүн компенсациялоого укуктуу. Компенсациялоонун көлөмү, тартиби жана шарттары кредиттик уюм менен чакан ишкерликти колдоонун тийиштүү фондунун ортосундагы келишим менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-12)
