# 3-статья. Ишкердиктин субъекттеринин иштерин текшерүүнү жүзөгө ашыруунун негизги принциптери

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112633)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.07.2023 [Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112633); 14.04.2016 [Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105#diff=1289192..1289193>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 3-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-3

---

Ыйгарым укуктуу органдардын ишкердиктин субъекттеринин иштерин текшерүүнү жүзөгө ашырышынын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

- ишкердиктин субъекттеринин акниет болуу жоромолу;

- милдеттүү талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктар, кемтиктер жана так эместиктер ишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланылышы мүмкүн эмес;

- эгерде ишкердиктин субъекти өз ишинде укуктун башка ченемине карама-каршы келген укук ченемин колдонсо, анын иш-аракети тиешелүү болуп саналат жана мыйзамга каршы деп эсептелинбейт;

- ишкердиктин субъекттеринин ишине кийлигишпөө;

- ыйгарым укуктуу органдардын ишиндеги мыйзамдуулук, калыстык жана ачык-айкындуулук;

- текшерүү жүргүзгөндө ведомстволук жана ведомстволор аралык контролду жана көзөмөлдү кайталоого жол бербөө;

- ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүшүн мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан гана каржылоо;

- мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен текшерилүүгө тийиш болгон милдеттүү талаптарды белгилөө;

- ыйгарым укуктуу органдардын сакталышы текшериле турган милдеттүү талаптарды белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ишкердиктин субъекттерине милдеттүү түрдө билдирүүсү;

- текшерүүнү жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгү жана ыкчамдыгы, башкача айтканда аны белгиленген мөөнөттүн ичинде толук жана мүмкүн болушунча тез жүзөгө ашыруу;

- өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди башкаруу;

- ыйгарым укуктуу органдардын ишинде алдын алуу чараларынын артыкчылыгы.

(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-21)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-4)
