# 22-статья. Корутунду жоболор

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 22-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-22

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу органдар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамды аткарууга зарыл болгон дагы башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып 6 айга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте ушул Мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун жана бекитүү үчүн ишкердиктин субъекттерин текшерүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-20)
