# 20-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурдагы жоопкерчилиги

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112633)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.07.2023 [Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112633); 06.06.2017 [Закон КР от 6 июня 2017 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам защиты предпринимательской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111609); 14.04.2016 [Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105#diff=1289192..1289193>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 20-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-20

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана алардын кызмат адамдары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө өздөрүнүн иш-милдеттерин жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

2. Текшерүүнүн субъекттерине текшерүү жүргүзгөн учурда укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары алардын күнөөсү сот тартибинде аныкталгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укугу жок.

3. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна күнөөлүү болгон кызмат адамдарына карата көрүлгөн чаралар жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган текшерүүнүн субъектине бир айлык мөөнөттө кабар берүүгө милдеттүү.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же болбосо алардын кызмат адамдарынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар текшерүүнүн субъектинин укуктарын бузган укукка жат аракеттеринин натыйжасында, ошондой эле бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же болбосо алардын кызмат адамдарынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар текшерүүнүн субъекттерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусунан улам текшерүүнүн субъектине келтирилген чыгаша, анын ичинде колдон чыгарылган пайда бул органдар жана кызмат адамдары тарабынан өндүрүп берилүүгө тийиш.

(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2017-жылдын 6-июнундагы № 98, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурдагы ишкердиктин субъекттеринин укуктарын коомдук коргоо

1. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, уюмдар уставдык жоболоруна ылайык ушул Мыйзамга жараша ишкердиктин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Уюмдар прокуратура органдарына ыйгарым укуктуу органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларына карата нааразычылык билдирүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

3. Уюмдар ишкердиктин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп, ошондой эле ишкердиктин субъекттеринин белгисиз чөйрөсүн коргоп, сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [192-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-192)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-22)
