# 192-статья. Ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 192-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-192

---

1. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жана ыйгарым укуктуу органдардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында алардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү бааланат.

2. Текшерүүнүн субъекттерине карата жаза чаралары, айыптар боюнча сандык көрсөткүчтөр же санкцияларды колдонуу менен байланышкан башка көрсөткүчтөр, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыштыгы же саны ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн чен-өлчөмдөрү катары колдонулушу мүмкүн эмес.

3. Баалоо үчүн текшерүүлөрдүн максаттарына жетүүнү чагылдырган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды сактоо, тобокелдиктерин болтурбоо жана коргоо деңгээли пайдаланылат. Көрсөткүчтөрдү баалоо үчүн чогултулган маалыматтар объективдүү жана так болууга тийиш.

4. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн натыйжалуулукту өлчөөгө тиешеси жок ыйгарым укуктуу органдардын ишинин көрсөткүчтөрүнөн айырмалоо керек.

5. Ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн баалоо базалык жана атайын чен-өлчөмдөрдүн негизинде жүргүзүлөт.

6. Базалык чен-өлчөмдөр болуп конкреттүү тармактагы тобокелдик деңгээлин бара-бара төмөндөтүү жана коопсуздук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча максаттарга жетүү менен байланышкан натыйжалар саналат.

7. Атайын чен-өлчөмдөр текшерүүлөрдү пландоонун жана адекваттуу адамдык жана техникалык ресурстарды пайдалануунун көрсөткүчтөрүнө негизделет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

8. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоо ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарым укуктуу органдардын жогору турган органдары менен бирдикте ушул статьянын 6 жана 7-бөлүктөрүндө каралган чен-өлчөмдөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [191-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-191)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-20)
