# 191-статья. Ушул Мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжаларынын жараксыздыгы

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105#diff=1289183..1289184>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 191-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-191

---

Текшерүүлөрдү уюштурууга жана жүргүзүүгө карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды одоно бузуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жараксыз деп таанылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын текшерүү субъекти тарабынан бузулушунун далили боло албайт. Төмөнкүлөр одоно бузуулар деп таанылат:

- текшерүүнү жүргүзүүнүн негиздеринин жоктугу;

- тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) жоктугу;

- ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 7-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлоонун мөөнөттөрүнүн сакталбагандыгы;

- ушул Мыйзамдын 4-статьясынын талаптарынын бузулушу;

- тескемени (буйрукту, жазма эскертүүнү) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуунун болбогондугу (контролдук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө тескемелерди (буйруктарды, жазма эскертүүлөрдү) кошпогондо);

- ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын компетенциясына кирбеген текшерүүлөрдүн дайындалышы.

(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-19)  
Кийинки берене: [192-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-192)
