19-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда ишкердиктин субъекттеринин укуктарын мамлекеттик коргоо
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 3-глава
Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда ишкердиктин субъекттеринин укуктарын коргоо администрациялык жана (же) сот тартибинде жүзөгө ашырылат. Текшерүүчү кызмат адамынын иш-аракеттерине жана ыйгарым укуктуу органдын чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик иштин жол-жоболору жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ишкердиктин субъекти сотко кайрылууга укуктуу. Ишкердиктин субъектинин жазапул түрүндө жаза салуу тууралу ыйгарым укуктуу органдын чечимине карата даттануусу даттанууну маани-маңызы боюнча чечкенге чейин жазаны токтото турат. (КР 2017-жылдын 16-октябрындагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202105/st-19" title="19-статья - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>