# 18-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда табылган укук бузуулардын фактылары боюнча көрүлүүчү чаралар

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112633)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.07.2023 [Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112633); 14.04.2016 [Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105#diff=1289192..1289193>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 18-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-18

---

1. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө текшерүүнүн субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы айкындалганда ыйгарым укуктуу органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, айкындалган бузууларды жоюу, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, алардын мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле мыйзамдарда каралган таасир кылуу чараларын ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте колдонууга милдеттүү.

2. Эгерде текшерүү жүргүзгөн учурда товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) керектөөчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн экендиги аныкталса, ыйгарым укуктуу орган зыян келтирүүгө жол бербөө жана коркунучтуу товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө колдон келген бардык ыкмалар менен кабарды керектөөчүлөргө жеткирүү боюнча чара көрүүгө милдеттүү.

3. Текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун талаптарын бузуу табылса, ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн субъектинин ишинин адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына сөзсүз болуучу жана олуттуу коркунуч алып келген бөлүгүн гана токтото турат.

(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда табылган укук бузуулардын фактылары боюнча көрүлүүчү чаралар

1. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө текшерүүнүн субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы айкындалганда ыйгарым укуктуу органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, айкындалган бузууларды жоюу, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, алардын мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле мыйзамдарда каралган таасир кылуу чараларын ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте колдонууга милдеттүү.

2. Эгерде текшерүү жүргүзгөн учурда товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) керектөөчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн экендиги аныкталса, ыйгарым укуктуу орган зыян келтирүүгө жол бербөө жана коркунучтуу товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө колдон келген бардык ыкмалар менен кабарды керектөөчүлөргө жеткирүү боюнча чара көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-19)
