# 17-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурдагы текшерүүнүн субъекттеринин милдеттери жана укуктары

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112633)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.07.2023 [Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112633); 31.12.2019 [Закон КР от 31 декабря 2019 года № 151 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111531); 16.10.2017 [Закон КР от 16 октября 2017 года № 175 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111681); 14.04.2016 [Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105#diff=1289192..1289193>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 17-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-17

---

1. Текшерүүнүн субъекттери төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- текшерүүчү кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптары боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана башка материалдарды берүүгө;

- текшерүүчү кызмат адамдарына көмөк көрсөтүүгө.

2. Текшерүүнүн субъекттери төмөндөгүлөргө укуктуу:

- текшерүүчү кызмат адамдарынан кызматтык ырастамасын жана текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болгон документти көрсөтүүлөрүн талап кылууга;

- ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 7-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, пландык текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабардаманы албаган учурда текшерүүчү кызмат адамдарын текшерүүгө киргизбөөгө;

- текшерүүгө аларды жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок адамдарды киргизбөөгө;

- эгерде текшерүүчү кызмат адамдарынын талаптары текшерүү предметине кирбесе, алардын талаптарын аткарбоого;

- текшерүүчү кызмат адамынан текшерүү жүргүзүлгөнү жөнүндө инспектордук текшерүүлөрдүн эсеп китебине жазып коюуну талап кылууга;

- текшерүүчү кызмат адамдарынан текшерүү жүргүзүүгө тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) көчүрмөсүн, ошондой эле текшерүүнүн натыйжасын чагылдырган документтин бир нускасын алууга;

- текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимге Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанууга;

- текшерүүнүн натыйжасына Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамында каралган тартипте даттанууга;

- пландык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын 4-статьясынын тогузунчу абзацында каралган адамдардын катышуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жагдайлар болгон учурда, кабардамада көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө текшерүү жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдоого жана текшерүүнүн башталгандыгы жөнүндө кабар алынган датадан тартып 3 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө текшерүү жүргүзүүнүн башка датасын макулдашууга. Текшерүү жүргүзүүнү баштоонун мөөнөтүн жылдырууга бир ирет жол берилет;

- 6-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацын кошпогондо, эгерде ушул юридикалык жакка же болбосо анын филиалдарынын же өкүлчүлүктөрүнүн бирине карата үстүдөгү календардык жылда пландуу текшерүү жүргүзүлгөн болсо, жакты текшерүүгө жол бербөөгө;

- эгерде ыйгарым укуктуу органдын талаптары алар өкүлү болуп саналган кызмат адамдарынын жана ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирбесе, алардын талаптарын аткарбоого.

(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2017-жылдын 16-октябрындагы № 175, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 151, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-18)
