# 16-статья. Ыйгарым укуктуу органдардын жана текшерүүчү кызмат адамдарынын милдеттери жана укуктары

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2019 года № 151 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР от 31 декабря 2019 года № 151 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111531); 14.04.2016 [Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111320); 22.07.2011 [Закон КР от 22 июля 2011 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/203361)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105#diff=1289188..1289189>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 16-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-16

---

1. Ыйгарым укуктуу органдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- текшерүүлөрдү каржылоону мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырууга;

- текшерүүнү текшерүүнүн субъекттери турган же ишкердик ишти жүзөгө ашырган жерде жүргүзүүгө;

- текшерилүүгө тийиш болгон талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана так эместиктерди текшерүүнүн субъекттерине каршы пайдаланбоого;

- текшерүүнүн субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын текшерилүүгө тийиш болгон талаптарын туура аткаруу боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө.

2. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө жана текшерүүнүн субъектине текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) бир нускасын берүүгө;

- инспектордук текшерүүлөрдүн эсеп китебине текшерүү жүргүзүлгөнүн белгилөөгө;

- текшерүүнү текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү тескемеге (буйрукка, жазма эскертүүгө) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так өткөрүүгө;

- текшерүүнү текшерүүнүн субъекттеринин жумуш убагында алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүүгө;

- текшерүүнүн предметине тиешелүү болгон документтерди жана башка материалдарды талап кылууга;

- текшерүү жүргүзүүгө керек болгон үлгүлөрдү (сыноолорду) эң аз санда тандап алууга;

- текшерүүнүн субъектинин талабы боюнча текшерүү жүргүзүүнү негиздеген жана ага ылайык өткөрүлүүчү ченемдик укуктук актыларды, арыздар (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилге кылынса), ошондой эле башка документтер берүүгө;

- текшерүүнүн жүрүшүндө табылган укук бузууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору (ченемдери) менен негиздөөгө;

- купуя маалыматты, ошондой эле текшерүүнүн натыйжасында алынган, жайылтылышы ишкердиктин субъектине зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматты жайылтпоого.

3. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөндөгүлөргө укуктуу:

- текшерүүнүн субъекттеринен документтерди талап кылууга жана жүргүзүлгөн текшерүүгө түздөн-түз байланышкан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрүүлөрдү алууга;

- зарыл болгон учурда документтерден көчүрмө алууга жана көчүрмөлөрүн тартып алууга;

- эгерде мындай кароо текшерүү жүргүзүү менен байланышса, имарат жайларды, жабдууларды, бөлөк мүлктү карап чыгууга;

- эгерде текшерүү технологиялык талаптардын сакталышы менен байланышса, технологиялык процесстерге байкоо жүргүзүүгө;

- текшерүүнүн субъекттери текшерүүчүнүн мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартышканда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда ишкердиктин субъекттеринин кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чара көрүүгө.

4. Текшерүүчү кызмат адамдарына төмөндөгүлөр тыюу салынат:

- текшерүү жүргүзгөнү үчүн текшерүүнүн субъекттеринен кандайдыр бир сыйакы төлөөнү талап кылууга же алууга;

- текшерүүнүн субъекттеринин укук бузуу фактысы бар экенин анын ишине кийлигишүү үчүн негиз катары пайдаланууга.

(КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 121, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [153-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-153)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-17)
