153-статья. Текшерүүнүн субъекттерин колдоо боюнча алдын алуу чаралары
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 июля 2023 года № 134
1. Текшерүүнүн субъекттерин колдоо боюнча алдын алуу чаралары болуп адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана төмөндөтүү боюнча текшерүүнүн субъекттерине алардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна шайкештигинин маселелери боюнча маалымдоо, консультацияларды жана сунуштамаларды берүү саналат.
2. Маалымдоо, консультацияларды жана сунуштамаларды берүү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) текшерүүнүн субъекттеринин жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларына жоопторду;
2) консультацияларды берүүнүн жүрүшүндө текшерүүнүн субъекттерине тобокелдиктин даражасын төмөндөтүүгө, бузууларды болтурбоого жана укук бузууларды жоюуга багытталган сунуштамаларды жана методикалык жардамды берүүнү.
3. Маалымдоонун, консультацияларды жана сунуштамаларды берүүнүн ыкмалары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) алдыңкы тажрыйба боюнча колдонмолорду жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун сактоо маселелери боюнча жетектөөчү принциптерди камтыган башка документтерди иштеп чыгуу жана жайылтуу;
2) окутуучу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
3) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана текшерүүлөрдүн жүрүшүндө текшерүүнүн субъекттеринин укуктары боюнча колдонмолорду иштеп чыгуу жана жайылтуу.
4. Текшерүүнүн субъекттерине берилүүчү маалымат, консультация жана сунуштамалар негиздүү, бир түрдүү, так жана түшүнүктүү, укук бузууну болтурбоо, тобокелдиктердин ыктымалдуулугун төмөндөтүү жана жокко чыгаруу максатын көздөгөн болууга тийиш.
5. Алдын алуучу чаралар ишкердиктин субъекти үчүн укуктук кесепеттерге (санкцияларга) алып келбейт.
(КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
153-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202105/st-153" title="153-статья - Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>