# 152-статья. Текшерүүлөрдү эсепке алуунун маалымат базасы

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112633)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105#diff=1289192..1289193>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 152-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-152

---

1. Ыйгарым укуктуу органдар текшерүүнүн субъекттеринин электрондук маалымат базасын жүргүзөт.

2. Текшерүүнүн субъекттеринин маалымат базасы маалыматтык жана контролдук бөлүктөрдөн турат.

3. Контролдук бөлүк текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча, текшерүүлөрдүн субъекттери жана объекттери жөнүндө маалыматты камтыйт жана ыйгарым укуктуу органдарга гана жеткиликтүү.

4. Текшерүүлөрдүн субъекттери боюнча маалымат базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Электрондук маалымат базасында маалымат жок болгон пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.

(КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-151)  
Кийинки берене: [153-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-153)
