# 15-статья. Текшерүүлөрдүн натыйжасын жол-жоболоштуруу тартиби

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2019 года № 151 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111531)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР от 31 декабря 2019 года № 151 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111531); 14.04.2016 [Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105#diff=1289188..1289189>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 15-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-15

---

1. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу органдын текшерүүчү кызмат адамы тарабынан белгиленген формадагы эки нускадагы акты түзүлөт.

Актыда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- акты түзүлгөн дата, убакыт жана жер;

- ыйгарым укуктуу органдын аталышы;

- текшерүү жүргүзүүнү негиздеген тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) датасы жана номери;

- текшерүү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) аты-жөнү, кызматтык ырастамасынын номери жана кызмат орду;

- текшерилүүчү текшерүүнүн субъектинин аталышы жана дареги же жекече ишкердин аты-жөнү;

- текшерүү жүргүзүүнүн датасы, убакыты жана орду;

- текшерүүнүн натыйжалары, анын ичинде табылган укук бузуулар жөнүндөгү маалыматтар;

- текшерүүнүн субъектинин өкүлүнүн же жекече ишкердин текшерүүнүн натыйжалары менен таанышкандыгы же таанышуудан баш тарткандыгы жөнүндөгү маалыматтар, алардын коюлган колдору;

- текшерүүнү жүргүзгөн текшерүүчү кызмат адамынын колу.

Актыга тандалып алынган үлгүлөр (сыноолор), жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө актылар, жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен экспертизалардын протоколдору тиркелет.

2. Актынын бир нускасы тиркемелердин көчүрмөлөрү менен текшерүүнүн субъектинин жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө тилкат алуу менен тапшырылат же тапшырылгандыгы жөнүндө кабардама берилүүчү буйрутма кат аркылуу жөнөтүлөт.

Текшерүүнүн натыйжаларына карабастан актыга текшерүүчү, текшерүүнүн субъектинин жетекчиси же ыйгарым укуктуу башка өкүлү кол коюшат. Актыда баяндалган фактыларга макул болбогон учурда ишкердиктин субъектинин жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү актыга кол коюуга жана каршы пикирлери жөнүндө жазып коюуга милдеттүү. Каршы пикирлердин жүйөсүн түшүндүрүүчү жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр менен документтер текшерүүнүн субъекти тарабынан ыйгарым укуктуу органдарга акты алынган учурдан тартып 10 күнгө чейинки мөөнөттө жөнөтүлөт.

3. (КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен коргоого алынган жана башка жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды камтыган текшерүүнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен жол-жоболоштурулат.

(КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-14)  
Кийинки берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-151)
