# 10-статья. Кайра текшерүү

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 10-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-10

---

1. Кайра текшерүү ишкердиктин субъекти текшерүүнүн натыйжасына макул болбогон учурда гана жүргүзүлөт. Кайра текшерүү жүргүзүү үчүн текшерилгендин ыйгарым укуктуу органга текшерүүнүн натыйжасына даттануусу негиз болуп саналат.

Ишкердиктин субъектинин даттануусу ыйгарым укуктуу орган тарабынан 30 күндүн ичинде каралууга тийиш жана жүйөлүү чечим кабыл алынууга тийиш.

2. Кайра текшерүү ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган талаптарга ылайык жүргүзүлөт.

3. Кайра текшерүү жүргүзгөн учурда пландуу текшерүүнүн бардык маселелери боюнча текшерүү жүргүзүүгө тыюу салынат. Даттанууга берилген пландуу текшерүүнүн натыйжасы гана кайра текшерилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-11)
