# 1-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө

- Документ: [Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202105)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")](https://aqlex.ai/kg/doc/230014962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства", "О конкуренции")](https://aqlex.ai/kg/doc/230014962); 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 161 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112643); 07.07.2023 [Закон КР от 7 июля 2023 года № 134 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности", "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112633); 13.05.2020 [Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/112060); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 02.08.2018 [Закон КР от 2 августа 2018 года № 81 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок объектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111814); 14.04.2016 [Закон КР от 14 апреля 2016 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111320); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 170 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205391); 22.07.2011 [Закон КР от 22 июля 2011 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/203361)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105#diff=1289194..17660>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3551/edition/1289177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202105/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 1-статья (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-1

---

1. Ушул Мыйзам текшерүүлөрдү жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда белгиленген ыйгарым укуктуу органдардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштери текшерилүүгө тийиш болгон ишкердиктин субъекттеринин мамилелерин жөнгө салат.

2. (КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

4. Салык, салыктык эмес жана бажы мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси. Камсыздандыруу салымдарынын эсептелишине жана төлөнүшүнө байланыштуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча ишкердиктин субъекттерин текшерүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Атмосфералык абанын сапатын контролдоо маселеси боюнча чарбакер субъекттерди жана ишкердиктин субъекттерин текшерүү алдын ала жазуу жүзүндөгү кабарламасыз жүзөгө ашырылат жана жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 5 Ушул Мыйзам, эгерде алар төмөндөгүлөр тарабынан жүргүзүлсө, текшерүүлөрдүн тартибин жана жол-жобосун жөнгө салбайт:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

- кылмыш-жаза, администрациялык, жарандык, аткаруу сот өндүрүшү чегинде ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдар;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында өткөрүү пункттарында чек аралык, бажы, иммиграциялык, санитардык карантин, фитосанитардык, ветеринардык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү органдар;

- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

- автомобиль жана суу транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- жарандык авиация жаатындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

- чарбакер субъекттердин монополияга каршы мыйзамдарга карама-каршы келген иш-аракеттеринде керектөө бааларын жогорулатуу (төмөндөтүү) белгилери боюнча, социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салууда, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын жүйөлөштүрүлгөн сунуштамасы боюнча монополияга каршы мамлекеттик орган. Монополияга каршы мыйзамдар жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6. Ишкердиктин субъекттерин, Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарын кошпогондо, укук коргоо органдары тарабынан финансылык текшерүүлөр жүргүзүлүшүнө тыюу салынат, Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарынын текшерүүлөрүнүн актылары укук коргоо органдары тарабынан ишкерликтин субъекттерин кошумча текшерүүлөрсүз финансылык текшерүүлөр жүргүзүүчү негизги документ жана бирден-бир булак болуп эсептелет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2011-жылдын 22-июлундагы № 121, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2018-жылдын 2-августундагы № 81, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134, 2023-жылдын 4-августундагы № 161 ,2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202105/st-2)
