# 9-статья. Парник газдарынын эмиссиясын жана жутулушун инвентаризациялоо

- Документ: [Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202104)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 71 "Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3550/edition/725201/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202104/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө, 9-статья (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-9

---

1. Инвентаризацияны парник газдарынын эмиссиясынын же жутулушунун булактары бар жаратылышты пайдалануучулар, ошондой эле дагы башка атайын компетенттүү уюмдар же белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан дайындалган уюмдардын бөлүмдөрү же белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аттестацияланган жеке адамдар жүргүзөт. Компетенттүү юридикалык жактарды дайындоо тартиби жана жеке адамдарды аттестациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Парник газдарынын эмиссиясынын объекттери боюнча парник газдарынын эмиссиясын инвентаризациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдик-усулдук документтерди пайдалануу менен парник газдарынын эмиссиясынын субъекттеринин эсебинен жүргүзүлөт. Мындай учурда парник газдарынын эмиссиясынын субъекттери тарабынан өндүрүлүүчү инвентаризацияга жумшалган чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте продукциянын, жумуштун кызмат көрсөтүү боюнча өзүнө турган наркына тиешелүү болот.

3. Парник газдарынын инвентаризациясынын жыйынтыктары верификациядан кийин Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун Мамлекеттик кадастрында эсепке алынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-10)
