5-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына төмөндөгүлөр тиешелүү:
1) министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын климатты өзгөртүү жагындагы ишин башкарууну жана контролдоону жүзөгө ашыруу;
2) парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы иштин мониторингине жана жөнгө салынышына контроль;
3) парник газдарынын эмиссияларынын экономикалык механизмдерин, экологиялык коопсуздуктун ченемдеринин, лимиттерин жана ченемдиктердин аныктоонун методикаларын, парник газдарынын эмиссияларын жана жутулушун жөнгө салуу боюнча эрежелерди, жоболорду, нускоолорду жана ченемдерди, анын ичинде климат долбоорлорун жөнгө салуунун механизмдерин аныктоочу ченемдиктерди бекитүү;
4) климатты өзгөртүү жагындагы республикалык, регион аралык, мамлекет аралык пландардын, программалардын, концепциялардын иштелип чыгышын, бекитилишин, финансыланышын, жүзөгө ашырылышын уюштуруу жана алардын ишке ашырылышына контролдук кылуу, ошондой эле климатты өзгөртүү жагынан мурда кабыл алынган республикалык, регион аралык, мамлекет аралык пландарды, программаларды, концепцияларды токтото туруу же кыскартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
5) парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо;
6) климатты өзгөртүү жагынан жарандарга экологиялык билим жана тарбия берүүнү камсыз кылуу;
7) климатты өзгөртүү жагынан эл аралык кызматташууну ишке ашыруу.
2. Айлана-чөйрөнү коргоо жана акыл-эстүү пайдалануу жагындагы атайын ыйгарым укуктуу органынын карамагына төмөндөгүдөй иштер тиешелүү:
1) климатты өзгөртүү жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана комплекстүү башкарууну жүргүзүү;
2) парник газдарынын эмиссиясына жана жутулушуна мамлекеттик контроль;
3) парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун мониторингин уюштуруу;
4) министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жөнүндө маалыматты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык парник газдарын инвентаризациядан өткөрүүгө зарыл маалыматты акысыз алуу;
5) парник газдарынын эмиссиясын жана жутулушун жөнгө салуу боюнча белгиленген эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, ченемдерди бузуу же парник газдарынын эмиссияларынын лимиттерин жогорулатуу менен жүзөгө ашырылуучу ишти чектөө, токтото туруу, кыскартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
6) жаратылыш ресурстарын эсепке алууну жана аларга баа берүүнү уюштуруу, Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун мамлекеттик кадастрын жүргүзүү;
7) климатты өзгөртүү жагындагы экономикалык механизмдерди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, парник газдарынын эмиссиясы үчүн алынуучу акы өлчөмдөрүнө түзөтүү киргизүү;
8) парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун көлөмдөрүн эсепке алууга мамлекеттик контроль жасоо жагындагы аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9) парник газдарынын эмиссияларын жана жутулушун нормага салууну жана контролдоону ишке ашыруу;
10) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты акыл-эстүү пайдалануу жагындагы аймактык органдардын тутуму аркылуу парник газдарынын чыгындыларын бекитүүнү жана алардын верификациясын жүргүзүү;
11) парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу тармагындагы ишти жөнгө салуу жана ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган адамдарга жоопкерчилик чараларын колдонуу;
12) климатты өзгөртүү жагындагы эл аралык кызматташууну ишке ашыруу, климатты өзгөртүү боюнча эл аралык макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери аткарылышын камсыз кылуу;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген дагы башка ыйгарым укуктар.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202104/st-5" title="5-статья - Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>