16-статья. Парник газдарынын эмиссиясын нормага салуу
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 3-глава
1. Парник газдарынын эмиссиясын мамлекеттик ченемге салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2. Парник газдарынын эмиссиясын мамлекеттик ченемге салуу парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу жагындагы мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп эсептелет.
3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийинки биринчи жылы анын жыйынтыктарын инвентаризациялоонун жана мамлекеттик каттоонун жыйынтыктары боюнча базалык жылга парник газдарынын базалык деңгээли жана парник газдарынын эмиссиясынын ар бир субъекти үчүн кийинки отчеттук жылга парник газдарынын эмиссиясынын квотасы (ченемидиги) аныкталат, алар атайын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн компетенциясынын чегинде атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эсептелип чыгарылат. Отчеттук мезгилдин узактыгы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан аныкталат.
4. Эмиссиянын деңгээли белгиленген отчеттук мезгилге карата эмиссиянын субъекти үчүн белгиленген парник газдарынын эмиссиясынын уруксат берилген деңгээлине салыштырганда жогорулап кетсе, парник газдарынын эмиссиясынын субъекти айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан парник газдарынын эмиссиясынын жетишпеген санына же парник газдарынын чыгындыларынын квоталар рыногунан квоталарды алууга милдеттүү. Мамлекеттен алынуучу квоталардын баасы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган жана квоталардын зарыл санына ээ болбогон парник газдарынын эмиссиясынын субъекти тарабынан ишке ашырылуучу парник газдарынын эмиссиясынын уруксат берилген деңгээлинен ашык парник газдарынын эмиссиясынын учурунда эмиссиянын субъекти парник газдарынын эмиссиясына жетиштүү көлөмдө квоталарды алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгымдын ордун толтурууга милдеттүү. Чыгымдын ордун толтуруу квоталардын зарыл көлөмүн алуу зарылчылыгынан бошотпойт. Парник газдарынын эмиссиясына талап кылынуучу квоталардын көлөмүн алуу мүмкүнчүлүгү болбогондо эмиссиянын субъекти парник газдарынын объектилерин толук же жарым жартылай жабуунун эсебинен мажбурлоо жолу менен кыскартылууга тийиш.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202104/st-16" title="16-статья - Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>