# 13-статья. Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы көрсөткүчтөрдү мамлекеттик эсепке алуу

- Документ: [Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202104)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 71 "Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3550/edition/725201/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202104/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө, 13-статья (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-13

---

1. Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы көрсөткүчтөрдү мамлекеттик эсепке алуу парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын, жеке жана юридикалык жактарды маалымат менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.

2. Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы көрсөткүчтөрдүн мамлекеттик эсеби ишенимдүү маалыматтарды алуу максатында инвентаризациянын жана мониторингдин жыйынтыктарын жыйноону жана аларды жалпылоону өзүнө камтыйт.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык верификациядан өткөн парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жөнүндө маалыматтар гана мамлекеттик эсепке алынууга тийиш.

4. Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы көрсөткүчтөрдү мамлекеттик эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-14)
