13-статья. Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы көрсөткүчтөрдү мамлекеттик эсепке алуу
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 3-глава
1. Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы көрсөткүчтөрдү мамлекеттик эсепке алуу парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын, жеке жана юридикалык жактарды маалымат менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
2. Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы көрсөткүчтөрдүн мамлекеттик эсеби ишенимдүү маалыматтарды алуу максатында инвентаризациянын жана мониторингдин жыйынтыктарын жыйноону жана аларды жалпылоону өзүнө камтыйт.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык верификациядан өткөн парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жөнүндө маалыматтар гана мамлекеттик эсепке алынууга тийиш.
4. Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы көрсөткүчтөрдү мамлекеттик эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202104/st-13" title="13-статья - Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>