# 11-статья. Парник газдарынын эмиссияларынын инвентаризациясын жана мониторингин верификациялоо, климат долбоорлорунун натыйжасында парник газдарынын эмиссиясынын кыскарышынын жана жутулушунун көбөйүшү

- Документ: [Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202104)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 71 "Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3550/edition/725201/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202104/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө, 11-статья (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-11

---

1. Ырастоо жана верификация Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан, ошондой эле белгиленген тартипте компетенттүү юридикалык жактар же аттестацияланган жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт. Компетенттүү юридикалык жактарды дайындоонун тартиби жана жеке жактарды аттестациялоо Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.

2. Климат долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжасында бекитилген методикаларды пайдалануу процесси жана инвентаризацияны, парник газдарынын кыскартылган эмиссияларынын верификациясын жана мониторингин, мониторинг планын даярдоо валидацияланууга (ырасталууга) тийиш.

3. Парник газдарынын эмиссияларынын инвентаризациясынын, мониторингинин жыйынтыктары жана парник газдарынын эмиссияларынын азайышына жана парник газдарынын жутулушунун көбөйүшүнө алып келүүчү климат долбоорлорунун жыйынтыктары верификацияланууга тийиш.

4. Верификация жөнүндөгү маалымат Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун мамлекеттик кадастрында чагылдырылат. Парник газдарынын эмиссиясынын деңгээлинин бирдиктүү документ түрүндө ырасталышы Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун мамлекеттик кадастрынан алынган көчүрмө болуп эсептелет.

5. Валидацияны (ырастоону) жана верификацияны ишке ашыруучу адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте анын жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүнө жооптуу болушат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-12)
