# 10-статья. Парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун мониторинги

- Документ: [Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202104)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 71 "Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3550/edition/725201/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202104/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө, 10-статья (06.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-10

---

1. Парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун мониторинги климаттын өзгөрүлүшүндөгү жөнгө салууну жана контролду ишке ашыруучу мамлекеттик органдарды, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарды парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун объекттеринен парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун деңгээли жөнүндө ишенимдүү маалымат менен өз убагында камсыз кылыш үчүн жүргүзүлөт.

2. Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун мониторингин ишке ашыруу максатында белгиленген мөөнөттөрдө парник газдарынын мониторингинин тутуму киргизилиши же атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте аттестациядан өткөрүлгөн адамга мониторинг жүргүзүү ташпырылышы керек. Парник газдарынын эмиссияларынын мониторинги парник газдарынын эмиссиясынын субъекттери тарабынан өз эсебинен жүргүзүлөт, мониторинг тутумун жүргүзүүгө жумшалган чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте парник газдарынын эмиссиясынын субъекти тарабынан чыгарылуучу продукциянын, жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын өзүнө турган наркына киргизилет.

3. Парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун мамлекеттик мониторинги айлана-чөйрөнүн мониторингинин тутумдаш бөлүгү болуп эсептелет.

4. Парник газдарынын чыгындыларынын мониторингинин жыйынтыктары атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлгөн верификациядан кийин Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун мамлекеттик кадастрында эсепке алынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202104/st-11)
