# 7-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тарабынан коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 7-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-7

---

1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу алардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары корголот.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын жарандарына мыйзамда белгиленген тартипте эл аралык макулдашуулар менен күчүнө кирген алар жүргөн мамлекеттердин мыйзамдарында каралган укуктарды жана эркиндиктерди толук көлөмдө пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү чараларды камсыз кылууга, мыйзамда белгиленген тартипте алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ал эми зарыл болгондо - Кыргыз Республикасынын жарандарынын бузулган укуктарын калыбына келтирүү чараларын көрүүгө милдеттүү.

3. Ал мамлекетте Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин тиешелүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-8)
