# 6-статья. Башка жарандык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 6-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-6

---

1. Башка жарандыгы да бар Кыргыз Республикасынын жараны, ушул Мыйзамда жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны катары гана Кыргыз Республикасы тарабынан каралат.

2. Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу, ушул Мыйзамдын 23-статьясында белгиленген негиздерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келбейт.

(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-7)
