# 4-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 4-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-4

---

1. Кыргыз Республикасында ар бир адам жарандыкка укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасы өз чегинен тышкаркы жерлерде өзүнүн жарандарын коргоого жана колдоого кепилдик берет.

4. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуу негиздерине жана тартибине карабастан Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык бирдей конституциялык укуктарга, эркиндиктерге жана милдеттерге ээ.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-5)
