# 39-статья. Паспортторду жана жашап турууга укук берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272038..1272039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 39-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-39

---

1. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алган адамдарга калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун беришет.

2. Кыргыз Республикасында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары эмес адамдарга калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чет элдик жаран үчүн жашап турууга укук же жарандыгы жок адамдын статусун берет.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-40)
