# 38-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272038..1272039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 38-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-38

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында турган өтүнүүчүлөргө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, ал эми республикадан тышкаркы жерлерде жашаган адамдарга тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү жана токтотуу жөнүндө маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системага киргизилет.

3. Автоматташтырылган маалыматтык системаны жүргүзүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат

(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-39)
