# 37-статья. Кыргыз Республикасынын жарандуулук маселеси боюнча чечим кабыл алуунун тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2025 [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272039..29242>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 37-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-37

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу бир жылга чейинки мөөнөттө сунуштамага тийиштүү түрдө жолжоболоштурулган документтер тиркелип берилген күндөн баштап жалпы тартипте каралат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу же жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдардын арыздарын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан тийиштүү документтер жолжоболоштурулуп тиркелген сунуштама берилген күндөн баштап алты айлык мөөнөткө чейин каралат.

3. Жарандуулуктун өзгөргөндүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы чыккан учурдан башталат.

Ушул Мыйзамдын 26-статьясында көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алуучу чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготот.

4. Жарандуулук маселеси боюнча кайталап берилген арыз бул маселе боюнча мурдагы чечим кабыл алынган учурдан баштап бир жыл өткөндөн кийин каралат. Эгерде арыз берүүчүгө белгисиз жана белгисиз болууга тийиш болгон өтө маанилүү жагдайлар жаралган учурда кайталап арыз берүү эртерээк каралышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-38)
