# 36-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы жарандуулук иштери боюнча комиссия

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2012 года № 6 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203606)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272034..1272035>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 36-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-36

---

1. Ушул Мыйзамда белгиленген жарандуулук маселесин алдын-ала кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти туруктуу негизде жарандуулук маселеси боюнча комиссия түзөт (мындан ары - комиссия). Комиссиянын курамы жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен бекитилген Жободо аныкталат.

Комиссия айына бир жолудан кем эмес жыйналыш өткөрөт.

2. Жарандуулук маселеси боюнча сунуштаманы караган учурда Комиссия арыз берүүчүнүн негиздемелерин, мамлекеттик органдардын корутундуларын жана ушул мыйзамдын 33-статьясында көрсөтүлгөн тиркелүүчү документтерди ар тараптан иликтеп чыгат.

3. Комиссия ар бир сунуштаманы өз алдынча Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет.

4. Комиссиянын чечими протокол менен жолжоболоштурулат, ага жыйналышка катышкан Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.

5. Комиссия тарабынан чечим кабыл алынган учурдан тартып он төрт күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же жарандыгынан чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын долбоорун даярдоону жүзөгө ашырат.

Жарандыкты берүү же андан чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы ага кол коюлган учурдан тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жарыяланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүдөн же жарандыгынан чыгуудан баш тартылган учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты үч күндүн ичинде баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен арыз ээсин жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү. (КР 2012-жылдын 10-февралындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-37)
