# 34-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды кабыл алуунун жана кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2025 [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272039..29242>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 34-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-34

---

1. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыз берүүчүнүн жеке өзү тарабынан берилген бардык арыздарды кабыл алууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча арыз ээсинин жеке өзү берген бардык арыздарын кабыл алууга милдеттүү.

2. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же жарандык маселелери боюнча арыздарды тариздөөнү жүргүзгөн тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме улуттук коопсуздук органдары жана ички иштер органдары менен макулдашуунун жыйынтыгында алар боюнча өзүнүн жүйөлөнгөн жана негизделген корутундусун чыгарат.

3. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери жарандык жөнүндө арыздар боюнча өзүнүн корутундуларын жана улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары менен макулдашылган башка керектүү материалдарды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссияга жөнөтөт.

Улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары жарандык маселелер боюнча жүйөлөнгөн өз сунуштарын жалпы тартип боюнча 90 күндүн жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча 30 күндүн ичинде жиберет. Улуттук коопсуздук органдарынан же болбосо ички иштер органдарынан терс жооп келип түшкөн учурда, арыз калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнө арыз берүүчүгө жооп жиберүү үчүн кайтарылат.

4. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер тарабынан жарандык маселелери боюнча арыздарды кароонун жалпы мөөнөтү жалпы тартип боюнча 120 күндөн жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча 60 күндөн ашпоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз боюнча корутундуда арыз берүүчүнүн мамлекеттин алдындагы аткарылбаган милдеттенмелери же анын жарандардын же ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин олуттуу кызыкчылыктарына байланышкан мүлктүк милдеттери жөнүндө маалымат; анын күнөөлүү катары кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, же болбосо соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча анын жаза өтөгөндүгү жөнүндө, же болбосо бул адамдын жарандыктан чыгуусу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына каршы келе тургандыгы жөнүндө маалымат билдирилет. (КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-35)
