# 32-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272038..1272039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 32-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-32

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыгын калыбына келтирүү жана андан чыгуу жөнүндө арыз кат жүзүндөгү арыз берүүчүнүн кайрылуусу боюнча каралат. 18 жашка жете элек адамдын арызы нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, ал эми Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлеринде - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин сунуштамасы боюнча каралат.

2. Жашы 14төн 18ке чейинки балдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыгын калыбына келтирүү же жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздарын берген учурда алардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу зарыл, Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде алардын жазуу түрүндөгү макулдугу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан күбөлөндүрүлөт.

3. Жашы жетелек балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кетүү жөнүндө арызы берилген учурда, эгерде анын ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калган учурда, жашы жетелек баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кетүүгө анын жазуу түрүндөгү макулдугу керек. Мындай сунуштама нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө, ал эми республиканын тышкаркы жерлеринде - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

4. Эгерде арыз ээси ден соолугунун кемчилигинен сунуштамага кол кое албаса, сунуштамага анын өтүнүчү боюнча башка адам кол коет жана нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлөт. Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде арыз берүүчүнүн койгон колун Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемелеринин кызмат адамдары күбөлөндүрөт.

5. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына берилүүчү документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

6. Этникалык кыргыз болуп саналган, чет мамлекеттин жарандыгына ээ адамдар, же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга арыз берүүдө өзүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын кыргыз тилинде айтылышына ылайык ыктыярдуу негизде өзгөртө алат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-33)
