# 31-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселеси боюнча арыздарды берүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2025 [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272039..29242>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 31-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-31

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздар Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жазылат жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы жерлерде туруктуу жашаган адамдар арыздарын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине беришет.

3. Арыз ээси арызын өзү тапшырат.

4. Эгерде арыз берүүчү өзгөчө мүнөздөгү жана документтер менен ырасталган шарттарга байланыштуу арызды өзү бере албаса, арызы менен тийиштүү документтерин кароо үчүн башка адамдар аркылуу же почта аркылуу берүүгө да болот. Мындай учурда арызга кол койгон адамдын койгон колунун, арызга тиркелген документтеринин көчүрмөлөрүнүн аныктыгы, анын түп-нускасы нотариалдык жазылмалар менен тастыкталат.

5. Баланын же иш-аракетке жөндөмсүз адамдын жарандыгын өзгөртүү жөнүндө арыз алардын ата-энелери же башка мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилет.

6. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу маселелери боюнча арыздар арыз берүүчүнүн туруктуу жашаган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган адамдардан Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу маселелери боюнча арыздарды кабыл алат жана карайт.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-32)
