# 30-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272038..1272039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 30-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-30

---

1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары:

1) Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде туруктуу жашап жаткан адамдардан Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселеси боюнча арыздарын кабыл алат жана зарыл документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентине кароо үчүн жөнөтөт;

2) чет өлкөдө туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктайт;

3) чет мамлекетте жашаган адамдардан жарандыгын жоготуу маселелери боюнча материалдарды кабыл алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын кароосуна жиберет;

4) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 2-бөлүгүндө каралган учурларда жарандуулуктан чыгууну жолжоболоштурат;

5) чет өлкөлөрдө туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын консулдук эсебин жүргүзөт;

6) Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде жашаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынан жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алган чечимдерди аткарат;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү тууралу чечим кабыл алынган адамдардын эсебин жүргүзөт.

2. Эгерде тигил же бул өлкөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери жок болсо, бул органдардын милдетин мыйзам тартибинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде башка мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аткарат.

(КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 94, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-31)
