# 29-статья. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272038..1272039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 29-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-29

---

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган адамдардан арыздарды кабыл алат, мындай арыздарда негизделген фактыларды жана документтерди текшерет;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу жөнүндө жана жарандыктан чыгуу жөнүндө арыздар боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жөнөтөт;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгына Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардын таандык экендигин аныктайт;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдарга жарандуулук маселелери боюнча материалдарды даярдайт;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдардан жарандыгын жоготуу маселелери боюнча материалдарды кабыл алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын кароосуна жиберет;

6) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 1 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда жарандыктан чыгуу жөнүндө материалдарды жолжоболоштурат;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү маселелери боюнча материалдарды кабыл алат;

8) Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү тууралу чечим кабыл алынган адамдардын эсебин жүргүзөт;

9) Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кабыл алган чечимдерин аткарат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-30)
