# 26-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2025 [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272039..29242>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 26-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-26

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандыгы билип туруп жалган маалыматтарды же жасалма документтерди берүүнүн натыйжасында алынса, Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоготулат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы төмөнкү негиздер боюнча жоготулат:

1) Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттердин (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасы) жарандыгы алынса;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз болгондо чет мамлекеттин компетенттүү органынан ошол мамлекеттин жарандыгын алгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн учурда;

21) туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзгөн, же чет мамлекеттин аракеттеги аскердик кызматында, укук коргоо органдарында же атайын кызмат органдарында кызматта турган учурда;

3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык каралган башка негиздер боюнча.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.

4. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жана Жарандык маселелер боюнча комиссиянын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-27)
