# 24-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2025 [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272039..29242>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 24-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-24

---

1. Ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган учурларды кошпогондо, адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын ыктыярдуу эрк-ниетинин негизинде, мындай адамдын башка жарандыгы бар болсо же адам башка мамлекеттин жарандыгын алганына кепилдик берилсе, жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.

2. (КР 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон, ал эми экинчиси чет өлкөнүн жараны болуп саналган же жалгыз атасы же энеси чет элдин жараны болгон баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу эки ата-эненин же болбосо жалгыз атанын же эненин арызы боюнча жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-25)
