# 22-статья. Кыргыз Республикасынын жаранында чет мамлекеттин жарандыгы бар деп таануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272038..1272039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 22-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-22

---

1. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калуу менен башка чет мамлекеттин жарандыгын ала алат.

2. Кыргыз Республикасында башка жарандык төмөнкүлөргө таанылбайт:

1) Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттердин жарандарына;

2) ушул Мыйзамдын 16-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга.

3. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы аны менен мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселелери боюнча эл аралык келишими болгон чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда кош жарандыгы бар жаран катары таанылат.

4. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын судьясы, укук коргоо органдарынын кызматкери, коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкери боло албайт, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлей албайт.

5. Кош жарандыкты жоготуу, калыбына келтирүү жана андан чыгуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселелери боюнча эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте, же улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте бул жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-23)
