# 16-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуудан баш тартуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2025 [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272039..29242>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 16-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-16

---

Кыргыз Республикасынын жарандыгына төмөнкүдөй адамдарды кабыл алуудан баш тартылат:

1) конституциялык түзүлүш негиздерин күч колдонуу менен өзгөртүүгө чыккандарга, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жүзөгө ашыргандарга;

2) жасалма документтерди атайлап сунуш кылгандарга же алдынала жалган маалымат билдиргендерге;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынан беш жылга убактылуу чыгарылгандарга же Кыргыз Республикасына келүүгө биротоло тыюу салынгандарга;

4) чет мамлекеттердин аскер кызматында, ошондой эле укук коргоо органдарында жана коопсуздук органдарында кызматта тургандарга;

5) Качкындар катары таанылган жана чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык куугунтукталган адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жазык тартибинде иш козголгондорго - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары же соттору тарабынан акыркы чечим чыгарылганга чейин;

6) жарандык иштер боюнча жоопкер катары чыгып жаткандарга Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан акыркы чечим чыгарылганга чейин;

7) соттолгондорго жана эркиндигинен ажыратылган түрдө жаза өтөп жаткандарга - жаза мөөнөтү аяктаганга чейин;

8) Кыргыз Республикасында оор жана өзгөчө оор катары каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркинен ажыратылып соттолгондорго.

(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 , 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-17)
