# 14-статья. Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2025 [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529); 17.03.2012 [Закон КР от 17 марта 2012 года № 23 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203623)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272039..29242>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 14-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-14

---

1. 18 жашка чыккан чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылууга укуктуу 13-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленгендей, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларда башкача каралбаса, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү төмөнкүдөй учурларда бир жылга чейин кыскартылат, эгерде:

1) ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган болсо;

2) Кыргыз ССРинде, Кыргыз Республикасында төрөлсө жана/же мурдагы СССРдин жарандыгы болсо;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы калыбына келтирилет.

2. Чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок, этностук кыргыз болуп саналган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында жашап туруунун мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттар сакталбастан мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат. Аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу алардын башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен, башка мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыгуусуз эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте төмөндөгүлөр кабыл алынат:

1) ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган бала - ошол ата-энесинин арызы жана башка ата-энесинин баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча. Эгерде бала Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турса, андай макулдук талап кылынбайт;

2) жалгыз ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган бала - ошол ата-эненин арызы боюнча;

3) камкордукка же көзөмөлдүккө алынган бала же ишке жарамсыз адам, - Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ камкордукка же көзөмөлдүккө алган адамдын арызы боюнча;

4) ата-энесинин экөөсү тең, же жалгыз атасы, же энеси чет өлкөлүк жаран болгон этностук кыргыздардын баласы - ата-энесинин биринин арызы боюнча жана ата-энесинин экинчисинин жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо.

4. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамга 13-статьянын 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган талаптар жайылтылат.

5. Чет мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, бир жылга чейин кыскартылат.

Чет мамлекеттин жарандыгы жок жана жарандыгы жок адамдар деп таанылган Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мөөнөтү жөнүндө шарттарды көрсөтпөстөн жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан, мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө кабыл алынат.

6. Арыз ээсинин өздүгүнө, анын ишине, спортко салымына, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө экономикалык, маданий жактан салымына байланыштуу негиздер жана жагдайлар боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынып жаткан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат. Аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу алардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан, мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

(КР 2012-жылдын 17-мартындагы N 23, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-15)
