# 13-статья. Жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529); 17.03.2012 [Закон КР от 17 марта 2012 года № 23 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203623)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272038..1272039>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 13-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-13

---

1. Чет элдик жарандар жана 18 жашка чыккан жарандыгы жок адамдар жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен төмөнкүдөй учурларда кайрылууга укуктуу:

1) арыз берген учуруна чейин акыркы беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашап турушса. Бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үч айдан ашпаган мөөнөткө чыккан адамдын жашоо мөөнөтү үзгүлтүксүз деп эсептелет;

2) пикир алышуу үчүн жетиштүү көлөмдө мамлекеттик же расмий тилде сүйлөй алса, мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин аныктоонун тартиби жарандык маселелерди кароонун тартиби жөнүндө жобо менен белгиленет;

3) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттенсе;

4) жашоо үчүн каражат булагы болсо;

5) Кыргыз Республикасында жана жараны болуп саналган чет мамлекетте соттолгону болбосо.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдардын жашоо мөөнөтү, эгерде төмөнкүдөй негиздердин бирөө гана болгон учурда, үч жылга чейин кыскартылат:

1) (КР 2012-жылдын 17-мартындагы №23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) илим, техника, маданият, спорт жаатында жогорку ийгиликтерге жетишсе, ошондой эле Кыргыз Республикасы кызыкдар болгон кесипке, болбосо адистикке жетишсе;

3) Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармагына инвестиция чегерсе Инвестиция чегерүүнүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет;

4) алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык качкындар же жарандыгы жок адамдар катары таанылса;

5) Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.

(КР 2012-жылдын 17-мартындагы № 23, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-14)
